Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Орусия Ирандагы аба базадан Сирияга сокку урууну улантууда


Сирия, аба чабуулдарынан кийин.
Сирия, аба чабуулдарынан кийин.

Орус аскер аба күчтөрүнүн Ирандын түндүк-батышындагы Хамадан аба базасында жайгашкан учактар менен Сирияны бутага алганына үчүнчү күн болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей,17-августта Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясына сокку урулуп, 150дөй согушкер жана жалданган чет элдик жоочулар жок кылынды.

Москва АКШнын Ирандагы аба базадан Сириядагы объекттерге чабуул жасоо менен БУУнун резолюциясы бузулуп жатат, деген билдирүүсүн четке какты.

16-августта Орусия аба чабуулдарын баштаганда АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер Кремлдин бул кадамы Иранга согуштук учактарды ташууга тыюу салуу тууралуу резолюцияны бузушу мүмкүндүгүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG