Тажик бийлиги бардык мекеме жана түзүмдөргө эмгек мигранттары үчүн жаңы өлкөлөрдү табууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн атайын токтомунда белгиленген. Эми Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги мигранттар барып иштей турган өлкөлөрдү иликтөөгө тийиш. Мындай токтом Орусиядан депортация болгон тажик мигранттарынын саны 300 миңден ашып кеткенине байланыштуу кабыл алынды. Рубль курсунун төмөндөшү да мигранттардын мекенине жапырт кайтуусуна себеп болууда.
Тажикстандык эмгек мигранттары негизинен Орусия жана Казакстанга барып иштешет. Өлкөнүн ички дүң продукциясынын негизги бөлүгүн да мигранттар которгон каражат түзөт.