Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Иса Өмүркулов: Конституциялык кеңешме түзүүнүн зарылчылыгы жок


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Мындай пикирин Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Башмыйзамдын беш-алты беренесине гана өзгөртүү киргизүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүүнүн кереги жок:

-Эгерде Конституция түп-тамырынан өзгөрүп, жаңыдан кабыл алынып жатса, анда баарын салмактап, текши кароо үчүн Конституциялык кеңешме түзүлсө болмок. Эми бул жерде Башмыйзамдын ыйгарым укуктары гана бир аз өзгөрүп жатат, ошондуктан, менимче кеңешменин кереги жок.

Иса Өмүркулов коомчулуктун талкуусуна коюлгандан бери бир жарым айга жакын убакыт өткөнүн белгилеп, референдумга чейинки үч айдын ичинде жарандар Башмыйзамды өзгөртүүгө пикирин билдирип жетише алат деп кошумчалады.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынан тышкары төрт фракция Башмыйзамды өзгөртүү тууралуу демилге көтөрүп, күзүндө референдум өткөрүү сунушу менен чыгышкан. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, экс-премьер-министр Темир Сариев бүгүн парламенттеги фракция лидерлерине кайрылып, Башмыйзамды өзгөртүүгө чейинки жараяндар, Конституциялык кеңешмесиз өзгөртүү аракети легитимсиз экенин эскерткен.(BkA;ZKo)

XS
SM
MD
LG