Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Ошто “Йакын Инкар” агымынын мүчөлөрү кармалды


Алар Кара-Кулжа районунда мыйзамсыз даават кылып жүргөн жеринен кармалышкан. Арасында мектеп жашындагы бала бар экени айтылууда. Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алардын жанында дааватка уруксат берүүчү тиешелүү кагаздары болгон эмес:

-Аларга даават кылууга күч кызматтарынан да, жергиликтүү казыяттардан да эч кандай уруксат берилген эмес. Алар түшүндүрмө алуу үчүн милиция бөлүмүнө алып келинди.

“Йакын Инкар” агымы дааватчылардын ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “йакын-инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйүп барат. Алар заманбап турмуш-тиричиликти четке кагып, даават ишинде муфтият көрсөтүп берген айрым тартиптерге баш ийишпейт деген сындар айтылып жүрөт.(ErN;ZKo)

XS
SM
MD
LG