Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Түркияда төңкөрүшкө шектелген ишкерлер камакка алынууда


Стамбул
Стамбул

Стамбул шаарынын коопсуздук күчтөрү 18-августта 100дөн ашык жерде рейд жасап, көптөгөн кишилерди кармап кетти. Прокуратура 187 кишини камоого чечим чыгарып берген. Ишкер жана каржы чөйрөсүнүн өкүлдөрү Фетхуллах Гүленди каржылоого катышкан деп шектелүүдө. Кошмо Штаттарда жашаган Гүлен өзү төңкөрүшкө тиешеси бар деген маалыматтарды четке каккан.

15-июлдагы төңкөрүш аракети учурунда жалпысынан 340 адам өлгөн. Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырымдын 17-августтагы маалыматы боюнча, 40 миң киши кармалды. Алардын жарымы бошотулса, калганы тергөө маалында камакка алынган. Аларга абактарды бошотуу үчүн Түркия жеңил кылмыш жасаган 38 миң кишини бошоткону да кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG