Президент Алмазбек Атамбаев 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, акыркы убактарда күч алган селдин кесепеттерин жоюуну жана анын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Жолугушууда президент Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
Кубатбек Боронов арыктардын жоктугунан улам Чолпон-Ата шаарындагы үйлөрдү жана көчөлөрдү суу каптап кеткенин маалымдады. Мамлекет башчы селдин кесепеттерин жоюу үчүн бардык чараларды көрүүнү, эл жашаган аймактардын жана инфраструктуралык объектилердин суу каптоосуна жол бербөө үчүн тиешелүү аракеттерди көрүүнү милдеттендирди.
16-август күнү түшкө жуук нөшөрлөгөн жаандан кийин пайда болгон сел Чолпон-Ата шаарын каптаган. Суу ташкыны Рух-Ордо этно эс алуу комплексин да чайкап өткөн. (ZKo)