Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Түркия чыгышында бомба салынган эки автоунаа жардырылды


18-августта эртең менен Ван шаарындагы полиция бекетинде болгон жардыруудан үч киши өлүп, кырктайы жарадар болду. Көп өтпөй Элазык жергесинде полиция бекети жардырылып, анда да үч киши өлүп, 120дай жарадар болду. Түрк бийлиги бул жардырууга тыюу салынган Күрт жумушчу партиясын айыптап жатат. Ван провинциясынын губернаторунун орун басары Мехмет Парлак полиция имаратынын алдына автоунаа токтоткон жоочу кармалганын билдирди. Күрт жумушчу партиясы менен ок атышууну токтотуу келишими 2015-жылы бузулгандан бери Түркияда теракттар көп орун алууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG