Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Өзбекстандык милиционер чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганы кабарланууда


Ада-Бука району
Ада-Бука району

Бир нече күн мурун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандык милиционерди кармалганын өзбек маалымат каражаттары кыргызстандык күч кызматтарынын чагымы деп жазып чыгышты. Өзбекстандын "Спутник" маалымат агенттиги “Кыргызстандын атайын даярдыктагы “Скорпион” отряды Орто-Токой суу сактагычын кайтарган милиция кызматкерлеринин бутунун алдына ок атып, аймакка кирүүгө аракет кылышкан” деп жазган. Бирок суу сактагыч жайгашкан Наманган облустук милициясы да, облустук бийлик да “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктаган жок.

Ал эми Кыргызстандын ички иштер тармагындагы ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, суу сактагычты кайтарган өзбекстандык милиционер өздөрүнө тиешелүү аймактан чыгып, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өткөнү үчүн 13-августта кармалган.

Кыргыз өкмөтү быйыл май айында Совет заманынан бери Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектти толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алган. Ал тизменин башында Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы турат.

Бирок Орто-Токой суу сактагычын азыр да өзбек аскерлери кайтарып турганы айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG