Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

АКШнын Киевдеги элчиси: Украина кыйынчылыктарды жеңет


Украинадагы мөөнөтү аяктаган элчи Жефри Пайетт бул өлкөнүн чыгышындагы чатакты, коррупция жана финансылык кыйынчылыктарды жеңүүгө кудуреттүү деди.

17-августа “Азаттыкка” берген маегинде Пайетт “2014-жылы Крымга бастырып кирүүнү, Майдандагы атууларды, гривнанын кубатынын кетүүсүн жана финансылык системасынын кыйроосун жеңген Украина башкасын да жеңип чыгат” деп белгилеген. Ал өзүнүн элчилик мезгилиндеги өкүнүчү катары Украинада коррупцияга каршы күрөштө ийгиликтин аздыгын атады. Пайеттин пикиринде, Кошмо Штаттар Украина өз демократиясын колуна алуусунда маанилүү роль ойноду. "Украинанын алдындагы негизги маселе коррупцияны жеңүү" деген Пайетт, ага каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик органдарды жогору баалады. Пайетт Украинадан кийин АКШнын Грециядагы элчиси болмокчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG