Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Журналист Адилет Айтикеев Кыргызстандан чыгып кетти


Адилет Айтикеев
Адилет Айтикеев

Бул тууралуу журналист “Республика” гезитине 17-августа жарыяланган интервьюсунда билдирген. Ал бийлик тарабынан куугунтуктоолор күчөгөнгө байланыштуу өлкөдө эместигин, азыр коопсуз жерде экенин айткан. “Искра” гезитинин редактору Адилет Айтикеев Жаныш Бакиевден маек алгандан кийин куугунтук күчөп, белгисиз адамдар үйүн акмалап, телефон аркылуу ачык коркутуулар, автоунаасынын артынан түшүп алуулар болгонун кошумчалаган. Айтикеев адам укуктарынын сакталышы Кыргызстанда начарлап баратканын билдирген. Бийлик өкүлү Айтикеевдин жүйөлөрүнө макул эместигин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG