Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Түркия чыгышында үч жардыруу жасалды


18-августагы үч жардыруудан тогуз киши өлүп, 200дөй адам жарадар болду. Түрк бийлиги бул жардырууларга тыюу салынган Күрт жумушчу партиясын айыптады.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Битлисте жолго коюлган бомба полиция автоунаасына каршы жардырылган. Андан үч полиция кызматкери жантаслим болуп, алтоосу жараат алган. Ага чейин Ван шаарында жана Елазыг жергесинде полиция бекеттерине жакын жерде бомба салынган автоунаалар жардырылып, көптөгөн курмандыктарга алып келген эле. Ван провинциясынын губернаторунун орун басары Мехмет Парлак полиция имаратынын алдына автоунаа токтоткон жоочу кармалганын билдирди. Күрт жумушчу партиясы менен ок атышууну токтотуу келишими 2015-жылы бузулгандан бери Түркияда теракттар көп орун алууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG