Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

"Твиттер" экстремизмге байланыштуу 360 миң аккаунтту жапты


Интернеттеги "Твиттер" социалдык түйүнү бир жыл ичинде террорчулук жана экстремизмди жайылтуу аракети үчүн 360 миң аккаунтту жапты. Алардын 200 миңден ашыгы акыркы жарым жыл ичинде жабылгандар. Бул тууралуу компаниянын бейшемби күнү жарыяланган маалыматында айтылат.

Социалдык түйүндүн жетекчилиги аккаунту буга чейин жабылган колдонуучулардын экинчи жолу катталышы кыйынга турарын билдирди.

Компания мындай кадамды «Твиттер» элди тартуу үчүн радикал исламчыларга каршы күрөш жүргүзбөй жатат деген сынга кабылгандан кийин жасады. «Твиттерде» белгилүү экстремисттик топтордун көбүнүн жеке аккаунттары бардыгы айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG