ИИМдин ички коопсуздук кызматы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Алымкул Жолдошовдун каза табышынын чоо-жайы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Алымкул Жолдошов 2010-жылы 7-апрелде Талас шаарындагы башаламандык учурунда токмоктолуп, башынан жабыркаган, ошондон бери дарыланып жүргөн.
Ал маркумдун жубайынын Жолдошовдун өлүмүнө жетекчилиги себеп болду деген маалыматы чындыкка коошпой турганын кошумчалады. Буга чейин Азиза Жолдошова күйөөсү жетекчиликтин кысымына байланыштуу кан басымы көтөрүлүп каза тапканын айтып чыккан.
Капитан Алымкул Жолдошов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштечү. (NT)