Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Оор атлетика федерациясы апелляциялык арыз берет


Иззат Артыков.
Иззат Артыков.

Иззат Артыковдун коло медалдан ажыратылуусу боюнча Кыргызстандын Оор атлетика федерациясы Эл аралык спорт арбитражынын чечими боюнча апелляциялык арыз жолдойт. Ошондой эле Эл аралык кызытмага каршы агенттигинине тиешелүү анализдерди кайрадан тапшырууну өтүнгөн кат жиберет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, кыргызстандык балбан Иззат Артыков 9-августта 69 кг салмактагы мелдеште коло медалды утуп алган соң, анын заарасынан кызытма аныктоочу анализ алынган. 12-август күнү Эл аралык олимпиада комитети Артыковго заарасынан “стрихнин” деп аталган кызытма табылганын маалымдаган. Кыргызстандын делегациясы “В” пробасын ачууну өтүнүшкөн. 13-августта кыргызстандык делегациянын көзүнчө “В” проба ачылып, кызытма бардыгы ырасталган. 15-август күнү Эл аралык олимпиада комитети бул тууралуу Эл аралык спорт арбитражына маалымдап, документтерди өткөрүп берген. 18-августта сот Иззат Артыковду коло медалынан ажыраткан чечим чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG