Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Иззат Артыков: Допинг колдонгон эмесмин


Кызытма колдонгон деген айып менен коло медалдан ажыратылганы өзү үчүн да күтүүсүз кабар болгонун билдирген спортчу учурда Бишкекке карай жолдо келе жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, мелдеш алдында кубат берүүчү жана эс алдыруучу гана суусундук ичкенин айтты:

- Мен үчүн да күтүүсүз болду. Допинг колдонгон эмесмин. Мындай болбошу керек эле. Балким кимдир бирөөлөр атайын тамакка бир нерсе кошуп, кыянаттык кылуусу мүмкүн да. Токтогулда элем, азыр Бишкекке чыктым. Барып териштиребиз.

18-август күнү Эл аралык Спорттук арбитраж сотунун (САС) допингге каршы бөлүмү кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковдун канынан стрихнин аттуу кызытма табылганын жарыялаган. Артыков Олимп оюндарынан четтетилгенин, анын коло медалы жокко чыгарылып, кайтарып алынышы керектигин билдирген. Иззат Артыков жеңген коло медал Кыргызстан үчүн ушул күнгө чейин жалгыз байге болчу. 10-августта Артыков оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, Кыргызстанга алгачкы жеңишти алып келген эле. Спорттук арбитраж сотунун тыянагынын үстүнөн Олимп оюндары аяктаган соң аппеляцияга кайрылууга болот.(ECh/ZKo)

XS
SM
MD
LG