Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Бишкекте алты жашар бала жол кырсыгынын курмандыгы болду


18-августта Токтогул-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде чукул бурулган автоунаа жөө адамдар өтүүчү сызыктан өтүп бараткан бала менен аялды коюп кеткен. Натыйжада баланын боору жарылып кеткен, өпкөсү, баш мээси жаракат алган. Алты жаштагы наристе ооруканада жан берди. Энеси катуу жабыркаган эмес.

Айрым маалыматтар боюнча, кесилиштен чукул бурулган автоунаанын ролунда жаш кыз болгон. Айдоочуга карата көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат жок.

Жыл башынан бери өлкөдө эки миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 350гө чукул киши каза таап, үч миңден ашууну ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,9 пайызга аз деп маалымдайт Жол-кайгуул башкармалыгы.

Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган өлкөлөргө киргизилген. Бишкек шаары, Чүй облусу, Ош-Бишкек, Бишкек-Торугарт каттамдары кандуу окуялардын баш сабында турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG