Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Өкмөт башчы мамлекеттик насыяга курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу менен таанышты


Барактын тургундары
Барактын тургундары

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган эки күндүк сапарынын алкагында, Барак эксклав көчүп келгендер отурукташкан Беш-Үй айлындагы курулуштардын жүрүшү менен таанышты. Аталган айылга Барактан 141 киши көчүп келген. Алардын ичинен алты үй-бүлө турак-жайын бүтүрүп, киришкен. Калгандарынын үйлөрү курулууда.

Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүп келген кыргызстандыктарга турак жай куруу үчүн мамлекеттен үстөк пайызсыз 18,1 млн сом өлчөмүндө насыя берилген. Беш-Үй айылы электр менен камсыздалган, айылдагы ички жана тышкы жолдордун курулушу 95% жасалган.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчы айылына барып, жашоочулар менен жолукту. Аталган айылда жаратылыш кырсыгынан 448 үй-бүлө жабыркаган. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Чайчы айылында 12 үйдүн курулушу бүткөн, 211 тилкеде үйлөрдүн пайдубалы куюлуп, 67 турак-жайдын дубалы тургузулган. 199 үй-бүлөгө 20,2 млн сом үстөк пайызсыз насыя берилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик органдарынын жана борбордук аткаруу бийлигинин оңдуу ишин белгилеп, турак жай ссудасын бөлүүнүн экинчи этабы боюнча кошумча каржылоо бутактарын аныктоону тапшырды. Ал эми архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине үйлөрдү курууда техникалык көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG