Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:14

Греция полициясы 50дөй мигрантты өлүмдөн куткарды


Грециядагы сириялык качкын
Грециядагы сириялык качкын

19-августта өлкөнүн түштүк-батыш жагында мигранттар келе жаткан кайык аскага урунган. Грек полициясы аларды Метони шаарынын жанынан куткарган.

Грек бийлигинин өкүлдөрү акыркы күндөрү Грецияга агылган мигранттар санынын кескин өскөнүн айтышууда. 18-19-август аралыгында эле 261 жаңы келген мигрант катталган. Өткөн жума күнүнө 13төн 147ге чейин мигранттар келип жаткан.

Ошентсе да бул көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштырмалуу төмөн. Евробиримдик менен Түркия ушул жылдын март айында качкындар тууралуу келишимге кол койгон. Келишимге ылайык Түркия Грецияга жеткен мигранттарды кайтарып алууга макул болгон. Евробиримдик өз кезегинде Түркиядагы качкындар лагеринен ошол эле сандагы мигранттарды кабыл алууга милдеттендирилген.

Анткен менен азыр деле Грециянын Эгей аралындагы лагерде Түркияга кайткысы келбеген 10 миңдей мигрант күн көрүүдө.

XS
SM
MD
LG