Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

ИИМ: Орунбековдун окуясын текшерүүгө алдык


ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, оппозициялык журналист Дайыр Орунбековдун үйүнө түн катып милиция кызматкеринин барышы иликтенип жатат. Кеңири маалымат текшерип-иликтөө иштери бүткөндөн кийин берилет деди Сеитов.

Буга чейин Бишкек шаардык ИИБнын маалымат катчысы Олжобай Казабаев суракка “чакыруу” кагазын милиционерлер күнү-түнү дебей, чакырылган кишинин колуна тапшырууга тийиштигин маалымдаган.

Журналист Дайыр Орунбеков түн ичинде үйүнө чоочун кишилер келгенин, башка бирөөнүн атын сурап, кетип калган киши эртең менен да үйүнүн алдында турганын “Азаттыкка” билдирген. Орунбековдун айтуусунда, ал киши кийинчерээк Октябрь РИИБнүн кызматкери Сураналиев болуп чыккан. Милиционер журналистке түн ичинде суракка “чакыруу” берүү үчүн барганын айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG