Жамайкалык Усейин Болт алгачкы жолу Олимп оюндарынын алтын медалын үч жолу катары менен экиден алган спортчу катары тарыхта калды.
Болт 18-августта 200 метрге чуркап, алтын байгеге ээ болду. Ушул эле жуманын башында ал 100 метрге чуркап, анда да биринчи келген. Ошентип анын аты Олимп оюндарынын спринт жарышында катары менен үч жолку чемпион катары тарыхта калат.
"Мен эң мыктылардын бири болгум келет. Али жана Пепе менен бир катарда тургум келет. Ушул Оюндардан кийин мен ошол мүдөөмдү ишке ашырам деп ишенем" деген Усейин Болт ал үчүн бул жолку Олимп оюндары акыркы экенин айткысы келгендей.
"Мен күндөн күнгө картайып баратам да. Менимче бул менин акыркы 200 метрим, бирок менин машыктыруучум башкача ойдо болушу мүмкүн" - дейт ал.