Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Рио-2016: Бүгүн Айаал Лазарев күч сынашат


Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн эркин күрөштөн балбан Айаал Лазарев беттешке чыгат. Оюндар Кыргызстандын сааты боюнча кечки 7де башталат. Лазарев 125 килограммга чейинки салмактагылар арасында күрөшөт.

Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын он алтысы мелдештерин аяктады. Айаал Лазаревден тышкары 21-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаев, 21-августта марафончу Илья Тяпкин оюндарга катышат.

10-августта оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынып, Кыргызстандын эсебине жалгыз байге алып кайткан эле. 18-августта Эл аралык спорттук арбитраж соту Артыковдун кызытма колдонгону аныкталды деген жүйө менен анын жеңишин жокко чыгарып, медалын кайра кайтаруу чечимин жарыялады. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагууда.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик бул окуяга байланыштуу комиссия түздү. Кыргызстандын Оор атлетика федерациясы Эл аралык спорт арбитражынын чечими боюнча апелляциялык арыз жолдой турган болууда. Ошондой эле Эл аралык кызытмага каршы агенттигине тиешелүү анализдерди кайрадан тапшырууну өтүнгөн кат жиберет.

Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндары 21-августта соңуна чыгат. (NT)

XS
SM
MD
LG