Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Германия: мекемелерде паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушталууда


Франциядагы мусулман аял
Франциядагы мусулман аял

Германиянын Ички иштер министрлиги мамлекеттик ишканаларда, мектептерде паранжа кийүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрдү. Deutsche Welle кабарлагандай, министрликтин 19-августта өткөн жыйынында өлкөдөгү коопсуздук чараларын күчөтүү чечими да кабыл алынды. Террорчулуктан туулган коркунучка каршы күрөштүн алкагында коомдук тартипке көз салган полиция кызматкерлеринин саны, көчөлөрдө видеокамералар көбөйтүлүп, атайын кызматтардын укук, милдеттери кеңейет. Буга чейин немис канцлери Ангела Меркел жүздү жапкан кийим кийүүгө каршылык билдирген. Аны ички иштер министри Томас де Мезьер колдоп, паранжа мигранттардын немис коомчулугуна аралашып кетүүсүнө жолтоо болуп жатканын айтты.

Германияда паранжага тыюу салуу боюнча талкуулар Европанын ар кайсы мамлекеттеринде радикал исламчылардын бир нече кол салуусунан кийин башталган. Мындан мурда Франциянын бир катар курорттук шаарлары мусулман аялдардын сууга түшкөн кезде кийүүчү буркини деп аталган кийимине тыюу салган.

XS
SM
MD
LG