Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Түркия Израил менен алаканы жөнгө салуу тууралуу келишимди жактырды


Түрк парламенти 19-августта Израил менен мамилени калыпка келтирүү тууралуу макулдашууну жактырды. Аны талкуулоо 16-июлга караган түнкү ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин токтоп калган эле.

Документке ылайык, Израиль 2010-жылы Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирип бараткан түркиялык 10 активисттин өлүмү үчүн 20 миллион доллар кун төлөөгө тийиш.

Анкара өз кезегинде кербендин мүчөлөрүн өлтүрүүгө катышкан израилдиктерди кылмыш жазага тартуу аракетинен баш тартат.

Эки тарап алаканы жөнгө салуу тууралуу келишимге быйыл июлдун этегинде кол койгон. Израилдин өкмөтү аны буга чейин жактырган.

Башында Түркия Газа секторундагы курчоону алууну талап кылган, бирок документтин акыркы вариантында ал нерсе жок. Ошол эле маалда түрк тарап Газага гуманитардык жардам берип, аймакта жарандык багыттагы бир катар курулуштарды салууга укук алат.

Эми эки өлкө 2010-жылдан кийин үзүлгөн дипломатиялык байланышты калыбына келтирүү үчүн жаңы элчилерди дайындай турганы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG