Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Бишкекте жол кырсыктарын алдын алуу чаралары талкууланды


Бишкекте 19-августта өткөн талкууга шаардык Патрулдук милиция башкармалыгы, Транспорт башкармалыгы жана жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Анда жол кырсыктарын алдын алуу маселеси көтөрүлүп, жүргүнчү ташыган фирмаларга эрежелерди так сактоо тапшырмасы берилди.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, жыл башынан бери башкалаада 498 жол кырсыгы катталып, 46 адам каза тапты. 500дөн ашууну ар кандай жаракат алышты. Мындан тышкары бул мезгил аралыгында жаш балдардын катышуусунда орун алган жүздөн ашык жол кырсыгынан 5 бала набыт болуп, 90го чукулу ар кандай жаракат алган. (NT)

XS
SM
MD
LG