Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Киев Украина чыгышында бир аскери каза тапканын айтууда


20-августка карата Украина чыгышындагы абал
20-августка карата Украина чыгышындагы абал

Украинанын чыгышында 20-августка караган түнү бир украин жоокер каза таап, төртөө жаракат алды. Бул тууралуу ишембиде Киевде болгон маалымат жыйынында Украина президентинин акимчилигинин аскер иштери боюнча өкүлү Александр Мотузяник билдирди.

Анын айтымында, Луганскта душмандардын активдүүлүгү басаңдап, Донецк тарапта да ок атуулардын саны мурдагы күндөргө караганда азайганы байкалды. Донецкте каршылаштар 27 жолу ок атканын, анын 23ү оор артиллерия менен ишке ашырылганын кошумчалады. Маалыматка караганда, Мариуполдо 17 жолу ок атуулар болду.

Ал арада Донбасстагы аскердик операциялар штабы Башкы чалгын башкармалыгына таянуу менен 18-19-августта Украина чыгышында каршылаштары 24 жоокерин жоготконун жана 37си жаракат алганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG