Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Рио-2016: Олимп оюндарынын жабылышында кыргыз туусун Тыныбекова көтөрөт


Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарын расмий жабуу аземи бүгүн Бразилия убактысы боюнча 20.00дө, ал эми Кыргызстандын сааты менен 22-августта таңкы 5те башталат. Анда Кыргызстандын туусун Азия чемпиону, Риодогу оюндарда 5-орунду ээлеген балбан Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Риодогу Кыргызстандын делегациясынын басма сөз катчысы Кабыл Макешов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жалпысынан бул оюндарга кыргызстандык 19 спортчу катышты. Грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Айсулуу Тыныбекова бешинчи орунду ээлесе, дзюдочу Юрий Краковецкий 7-орунга илинди.

10-августта оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынып, Кыргызстандын эсебине жалгыз байге алып кайткан эле. 18-августта Эл аралык спорттук арбитраж соту Артыковдун кызытма колдонгону аныкталды деген жүйө менен анын жеңишин жокко чыгарды. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагууда.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик бул окуяга байланыштуу комиссия түздү. Кыргызстандын Оор атлетика федерациясы Эл аралык спорт арбитражынын чечими боюнча апелляциялык арыз жолдой турган болууда. Ошондой эле Эл аралык кызытмага каршы агенттигине тиешелүү анализдерди кайрадан тапшырууну өтүнгөн кат жиберет. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG