Бүгүн Талас шаарында "Бирдиктүү Кыргызстан" деп аталган жаштардын республикалык форуму башталат. 24-августка чейин улана турган иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулган 100гө чукул жигердүү жаштардын башын бириктирет. Бул тууралуу Талас облустук Жаштар кеңешинин теңтөрагасы Бектур Медетов "Азаттык" радиосуна кабарлады.
Форумда ынтымак-ырашкерлик темасы козголуп, жаштарга патриот болууга, мекенди сүйүүгө чакырык ташталат. Өз ара тажрыйба алмашуу маселеси, "Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууланып, катышуучулар сунуш-пикирлерин беришет.
Иш-чараны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттик, Кыргызстандагы Жаштар уюмдары менен комитеттеринин бирлиги уюштурган. (NT)