Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Гонконгдо жүздөгөн адамдар саясий чектөөлөргө нааразылык билдиришүүдө


Гонконгдук активист
Гонконгдук активист

Гонконгдо жүздөгөн адамдар бүгүн көчөгө чыгышып, саясий цензурага нааразылык билдирип жатышат. Сентябрга белгиленген Гонконгдун мыйзам чыгаруу кеңешине болгон шайлоого каттоодон алты талапкер четтетилген. Акцияга чыккандар муну Гонконгдун автономдуулугуна жасалган чабуул катары баалашууда.

Кытай-британ биргелешкен декларациясына жана Гонконгдун негизги мыйзамына ылайык, аймакка 2047-жылга чейин автономия берилген.

Бирок расмий Бээжин бул документтеги талаптарды сактабай, жергиликтүү бийликтерге болгон шайлоону көзөмөлдөөгө аракеттенип жатат деген пикирлер күч.

XS
SM
MD
LG