Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Айаал Лазарев утулуп калганы үчүн кечирим сурады


Эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Instagram баракчасында Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимп оюндарында утулуп калганы үчүн элден жана күйөрмандарынан кечирим сурады.

Ал кечээ 1/8 финалда польшалык балбанга дароо эле жеңилип, колдо болгон мүмкүнчүлүгүн толук колдонбогонуна өкүнүчүн билдирди.

"Менин дарегиме айтылган бардык сын-пикирлер жөндүү. Мага ишенич арткандарга чын дилимден ыраазычылык билдирем",- деп жазды балбан.

Ошондой эле оюндарга көпкө даярданганы менен ойлогон максаты ишке ашпай калганын белгиледи.

Лазарев 20-августта 1/8 финалдагы беттешке чыгып, Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Барандон утулуп калган.

Түпкү теги якутиялык спортчу Айаал Лазарев 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге чыгып жүрөт. Ал буга чейин Астанада өткөн азиялык лицензиялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо алган. 2015-жылы Азия чемпиону болгон. (NT)​

XS
SM
MD
LG