Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Евробиримдик Түркияга визасыз режим киргизүүнүн шарттарын аныктады


Түркия.
Түркия.

Эгерде расмий Анкара өзүнө коюлган шарттарды аткарса, түрк жарандары октябрь айынан тартып, Евробиримдикке визасыз кире алышат. Бул тууралуу 21-августта биримдиктин башчысы Жан-Клод Юнкер билдирди.

Анын сөзү боюнча, Түркия оппозиционерлерге карата антитеррордук мыйзамдарын иштетүүнү токтотууга тийиш. Бул талап түрк бийлигине гана эмес, түрк элине да тийиштүү. Эгер талаптар аткарылбаса, Режеп Эрдоган “эмне үчүн түрк эли Европага визасыз кире алышпай калганын” элине түшүндүрүп берүүсү керек.

Өткөн аптада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Евробиримдик түрк жарандары үчүн визасыз режим киргизүүдөн баш тартса, өз өлкөсү качкындар боюнча келишимден чыгарын билдирген эле. Ал виза режимин жоюу Евробиримдик менен түзүлгөн качкындар боюнча келишимдин бир бөлүгү экенин эскертип, аны тез арада аткарууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG