Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Германия Швейцария менен чек арасын кайтарууну күчөттү


Мигранттар.
Мигранттар.

Бул мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотуу максатында болуп жатканын Швейцариянын каржы министри Ули Мауэр маалымдады. Анын сөзү боюнча, немис бийликтери Швейцария менен чек арасын кайтарууга кошумча 90 чек арачы жана 40 полиция бөлгөн. Бул маалыматты Германиянын ички иштер министрлиги да тастыктады.

NZZ am Sonntag басылмасы Берлиндин федералдык полициясына таянып жазгандай, жыл башынан бери Германияда 3385 мыйзамсыз мигрант кармалган. Бул өткөн жылкыдан 40% көп.

2015-жылы Германияга Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн 1 млн ашуун киши согуштардан жана экономикалык туруксуздуктан качып келген.

XS
SM
MD
LG