Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Өкмөт шайлоо өткөрүүгө 400 млн сом бөлөт


Кыргыз сому.
Кыргыз сому.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдагы бюджет долбоорун талкууга койду. Каржы министри Адылбек Касымалиев баяндамасында белгилегендей, эмдиги жылы өтүүчү президенттик шайлоого 400 млн. сом бөлүнөт. 2017-жылдын бюджетинин жетишпестиги 23 млрд сомдон ашат.

Касымалиев республикалык бюджет 2017-жылы 7,5 миллиард сом жоготууга учурай турганын айтып, бул салык кирешелериндеги жеңилдик берүүдөн улам келип чыгарын түшүндүрдү. Натыйжада сатуу салыгынан 3,5 млрд сом жоготуу болмокчу.

Жыйында кыргыз өкмөтү менчиктештирүү программасына кирген объекттерди сатуу менен казынанын бир бөлүгүн толтуруу аракетин көрүлө турганы маалымдалды. (SDz)

XS
SM
MD
LG