TENGRI music фестивалынын алкагында борбор калаада классикалык музыка ачык асман алдында жаңырат.
Көрүүчүлөргө германиялык скрипкачы Эмилио Перцан, АКШдан тенор Гэрри Дэвислим, сопрано Жамиля Раимбекова, дирижер Медет Осмонов баш болгон өнөр ээлери чыгармачылыгын тартуулашат. Мындан башка президенттик “Манас” оркестри жана Бишкек шаардык мэриянын симфониялык оркестри ачык асман алдында концерт тартуулайт.
Уюштуруучулар кирүү акысыз экенин айтышып, иш-чара классикалык музыканы пропагандалоо иретинде өтүп жатканын кошумчалашты. Эл аралык классикалык музыка фестивалы эртең 23-августта кечки саат 17.00те башталат. Музыкалык кече Дайыр Асанов атындагы жеңиш багында өтөт.