Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Оштун активисттери шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү өтүндү


 Шайлоо.
Шайлоо.

Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтын өкүлдөрү жергиликтүү шайлоо участкаларында шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө кирбеши керек. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарында КСДП фракциясынын депутаттар тобу менен коомчулуктун жолугушуу учурунда айтылды.

Жолугушууга катышкан жаштар мектеп окуучулары арасында “рекетчилик” күчөп баратканын белгилешип, бул көрүнүш жыл санап жайылып баратканына тынчсызданып, аны тезинен токтотуу талабын коюшту.

Депутаттар козголгон маселелер, айтылган сунуштар негизинде тийиштүү чечимдерди кабыл алып, чараларды көрүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.(SDz)

XS
SM
MD
LG