Орус бийлигин жана президент Владимир Путинди көп сындаган журналист Юлия Латынинанын үстүнө белгисиз бирөөлөр заң төгүп жиберген. Полиция окуяны 21-августтан тарта иликтөөгө киришкенин маалымдады.
Ал күнү Латынина Москванын борборундагы “Эхо Москвы” радиосуна саясий программасына бараткан. Ал автоунаасынан түшкөндө аны күтүп турган мотоциклчен эки адамдын бири келип, үстүнө заңды төгүп качып кеткен. Латынинанын өз программасында айтканына караганда, алар Орусияны “боктоп бүтпөдүң” деп кыйкырышкан. (AiT)