Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Грузия бийлиги терактты алдын алганын маалымдады


Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын 22-августтагы билдирүүсүнө караганда, Орусиядан Арменияга өткөн газ түтүгүн жардырууну көздөгөн “терактка” жол берилген жок. Буга байланыштуу эки күн мурун жети киши кармалды. Алардын бешөө Грузия жараны. Кармалгандарга ок атуучу курал, ок-дары жана жардыргыч заттарды “теракт” жасоо максатында мыйзамсыз сактаган деген айып коюлду.

Маалымат боюнча, алар Тбилисиден 20 чакырым алыстыктагы Сагурамо айылындагы газ түтүгүн жардырууну көздөгөн.

Полиция кызматкери Леван Мампория "кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталса, жетинчи адам “кылмыш жасоого даярдык тууралуу маалымат берген эмес” деп күнөөлөнүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG