Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Өзбек милициясы Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка киргени кабарланды


Үңкүр-Тоодогу телемунара
Үңкүр-Тоодогу телемунара

Мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстандан жети милиция кызматкери Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка киргенин кабарлады. Такталбаган аймакка өзбек тартип сакчылары МИ-8 тик учагы менен түшүрүлгөн.

Учурда чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз тарап чек ара жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуу демилгесин көтөргөн.

Аймактагы кырдаалды Мамлекеттик чек ара кызматы тыкыр көзөмөлгө алып турат.

Расмий Бишкек менен Ташкенттин ортосунда Үңкүр-Тоого байланыштуу үч жыл мурун маселе чыккан. 2013-жылы 22-сентябрда тик учак менен учуп келген өзбек чек арачылары телерадио сигналдарын таратуучу станцияга күтүүсүз кирип барган. Кийин аларды кыргыз тарап артка кайтарган.

Өзбекстан Кыргызстандын антенналары 2007-жылдан бери мыйзамсыз турат деп доомат койгон. Кыргызстан болсо жер тактала электигин, өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын билдирген.

Быйыл жазында кыргыз өкмөтүнүн Үңкүр-Тоого байланышкан токтомун боюнча чуу чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG