Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. 21-августта “Тазалыктын” кызматкерлери Уркуя Салиеванын эстелигиндеги жазууларды өчүрүп, тазалады. Ошондой эле Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы Манастын эстелигиндеги боёк, жазуулар жууп, тазаланды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей коомдук жайдагы эстеликтерге бүлүк салып, көркүн бузган учурлар катталса тартип сакчылар катаал чаларды көрөт. Ал эми жарандар бүлгүнгө күбө болгон учурда дароо тийиштүү органдарга кайрылуусун өтүнөт. (SDz)