Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Казак оппозиционери эркиндикке чыгышына Евробиримдик таасири тийгенин билдирди


Владимир Козлов Алматыдагы маалымат жыйынында.
Владимир Козлов Алматыдагы маалымат жыйынында.

“Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов 22-августта маалымат жыйын куруп, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгуусу Европа Биримдигинин кийлигишүүсү менен мүмкүн болгонун билдирди. Ал кээ бир чектөөлөргө карабай “адамдарга пайда келтире турган иштерди жасай берүүгө” убада кылды.

Владимир Козлов 2012-жылы январда Жаңы-Өзөндө мунайчылардын массалык нааразылык акциясынан кийин камакка алынган. 2011-жылы декабрь айындагы Жаңы-Өзөндөгү массалык баш аламандыкта полиция кеминде 16 кишини атып салган.

100дөн ашуун адам жарадар болгон. 2012-жылы сентябрь айындагы сот жараянында Козлов социалдык касташууну козгогон деп айыпталып, 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Европа Биримдиги жана укук коргоо уюмдары аны бошотууга өкмөттү чакырып келген. (AiT)

XS
SM
MD
LG