Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 19:10

Полиция Киркук шаарында жанкечтинин жардыруу максатын сезип калып, анын алдын алган. Ирак телекөрсөтүүсү эки полиция кызматкери баланы кармап, дагы эки киши бомба байланган кайышты кесип жатканын көрсөткөн.

Бомба байланган бала 21-августта Киркуктагы шииттердин мечитиндеги теракттан кийин кармалган. Сурак учурунда уурдалып кеткенин, беткап жамынган адамдар жардыргыч затты байлап, жөнөткөнүн айткан. Чалгын кызматынын Киркуктагы өкүлү Фадхил Хумадинин маалыматы боюнча, бала “Ислам мамлекети” аталган террордук уюму көзөмөлдөп турган Мосул шаарынан жөнөтүлгөн. Анын ысымы айтыла элек. (AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG