Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Өкмөт башчы мектептердин курулушун тездетүүнү тапшырды


Кара-Суу районунун Кожокелең айылында мектеп окуучулары боз үйдө да окушту.
Кара-Суу районунун Кожокелең айылында мектеп окуучулары боз үйдө да окушту.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 22-августта болгон өкмөттүк жыйында жыл аягына чейин курулушу пландалган мектептерди бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле тийиштүү жетекчилер курулуш иштерин мөөнөтүнө чейин бүтүрүү үчүн бардык чараларды көрүүсү керектигин айтты:

-Өзгөчө көңүлдү быйылкы табият кырсыктарынан жабыркаган мектептерге буруу керек. Жабыркаган мектептердин саны, аларды калыбына келтирүү чаралары жана оңдоо маалында балдар кайсыл жактарга жайгаштырылары тууралуу маалымат болгон жок. Мага белгилүү болгондой, айрым облустарда балдар жеке турак үйлөрдө жана клубдарда окушат.

Премьер-министр ошондой эле мектептерди курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык бирдиктүү стандартта куруу зарылдыгын кошумчалады.

Быйыл Кыргызстанда 90 мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилмекчи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG