Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы жана экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кыргызстан боюнча 9 миңге чукул адам коомдук коопсуздукту сактоого тартылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын башчысы Сапар Асаналиев билдирди. Ал кошумчалагандай, коомдук тартипти көзөмөлдөө иретинде милицияга элдик кошуун жана милиция ардагерлери жардамдашат.
-Майрам күндөрдөгү коомдук тартип үчүн өкмөт тарабынан иш мерчемдер иштелип чыккан. Андыктан алдыдагы майрамдарга 9 миңге жакын адам коомдук тартип үчүн иштейт. Бул адамдар жалпы республика боюнча тартипти сактоого жетиштүү,- дейт Асаналиев.
Сапар Асаналиев кошумчалагандай 25-августтан баштап милиция күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт. Ага ылайык өзгөчө маанидеги автобекеттер, коомдук жайлар бекем кайтарууга алынат. (SDz)