Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Премьер-министр Жээнбеков Көчмөндөр оюндары боюнча маалымат алды


Көчмөндөр оюндары.
Көчмөндөр оюндары.

Өкмөттө Тарых жана маданият жылын уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата даярдыктар тууралуу маалымат берилди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министрине белгиленген даталарда коопсуздук күчөтүлүшү зарылдыгын тапшырса, транспорт министри Замирбек Айдаров Балыкчы-Корумду жолун оңдоо иши сентябрь айында бүтөрүн билдирди. Ошондой эле президенттин аппараты 26-августта Чолпон-Атадагы ипподромдун айлана-чөйрөсүн тазалоо иретинде көчмө ишембилик өткөрө турганын маалымдады.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG