Ирак чийки мунай экспортун 5% көбөйтүү планын жарыялагандан кийин мунайдын дүйнөлүк баасы төмөндөп кетти.
Ирактын мунай өндүрүүчү ири борбору Киркуктун адистери Bloomberg News агенттигине билдиргенине караганда, үч компания менен келишим түзүлгөндөн кийин бир күндө 150 миң баррелге чейин чийки мунай сыртка жөнөтүлүп турганы жатат.
Үч кен тең мамлекеттик Northern Oil компаниясына таандык, бирок өндүрүлгөн мунайды экспортко жөнөтүүчү куурлар Күрдистан жарым автономиялык өкмөтү көзөмөлдөгөн аймката жайгашкан.
Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматына караганда, өткөн айда Ирак күнүнө дээрлик 4 миллион баррел мунай экспорттоп жатты.
22-августта Лондондогу биржада чийки мунайдын баасы 1,72 долларга арзандап, 49,16 долларды түздү. (RK)