Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 15:51

Краснодарда "трактор жүрүш" жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүдөн баш тартты


"Трактор жүрүшү"

Орусияда жергиликтүү бийликке нааразылык билдирип чыккан фермерлер облус жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Буга акциянын катышуучуларынын бирине полиция кол көтөргөнү себеп болду.

Ушу тапта алар Ростов-на-Дону шаарынын четинде турушат.

"Трактор маршы" деп аталып калган бул акция 21-августта Краснодар облусунун Казан станциясында фермерлердин митингинен башталган. 17 трактор жана ондогон башка автоунаадан турган кербен арыз-муңун борбордук бийликке жеткирүү үчүн Москвага барууну чечкен.

Фермерлер Краснодарда айыл чарба жерлерин рейдерлик басып алуу жүрүп жатканын, буга жергиликтүү соттор колдоо көрсөткөнүн айтууда. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG