Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Тажикстанда абактагы оппозициячынын үй-бүлөсү дайынсыз болууда


Махмадали Хаит
Махмадали Хаит

Абакта жаткан тажик оппозиционери Махмадали Хаит аялы жана уулу дайынсыз жоголгонун айтууда.

Анын жакындары бүгүн "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргенине караганда, кечээ белгисиз бирөөлөр Хаиттин Душанбедеги батирине барып аялын жана 17 жаштагы уулун алып кеткен бойдон алардан дайын жок.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук мекемеси азырынча бул окуя тууралуу расмий комментарий бере элек.

Тажикстанда тыюу салынган оппозициялык "Ислам кайра жаралуу партиясынын" төрага орун басары Махмадали Хаит быйыл июнь айында өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган болчу. Сот аны жана партиянын бир нече мүчөсүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода менен бирге 2015-жылдын сентябрь айында бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыптаган.

Оппозиция мунун баарын жалган жалаа деп, четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG