Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Орусияда полиция кармаган кыргыз жараны өз жанын кыйды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 22-августта өз жанын кыйган жарандын чоо-жайын аныктады. Маалыматка ылайык, Э.А. аттуу кыргыз жараны мас абалында үйүнө терезе аркылуу кирүүгө аракет кылган. Экинчи кабатка чыгып баратканын көргөн коңшулар аны ууру деп ойлоп, полиция кызматкерлерин чакырган.

Түштүк-Сахалин шаарынын полициясы аталган кыргыз жаранын жергиликтүү полиция участогуна алып барып, окуяны териштирүү үчүн убактылуу камап койгон. Бирок 22-августта саат 19:45тер чамасында ал өзүн-өзү асып алган. ТИМдин маалымдашынча, анын баары видеокөзөмөлгө жазылып калган.

Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча кыргыз жаматтары бирге аракеттер көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG