Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Төрага Турсунбеков Түркияга көңүл айтты


Түркиянын Газиантеп шаарындагы жардыруудан курман болгондордун тажиясы.
Түркиянын Газиантеп шаарындагы жардыруудан курман болгондордун тажиясы.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркиянын Ван аймагында жана Газиантеп шаарында болгон террордук актка байланыштуу көңүл айтты. Төрага Түркиянын Ван аймагында жана Газиантеп шаарында болгон террористтик актыдан бейкүнөө адамдардын курман болгондугу жана көптөгөн жарандардын жаракат алгандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирген.

“Ушундай кайгылуу учурларда Кыргыз эли боордош Түрк элине өзүнүн тилектештигин билдирет. Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү айыптайт”, – деп жазылган Турсунбековдун көңүл айткан катында.

18-августтагы Түркиядагы үч жардыруудан тогуз киши өлүп, 200дөй адам жарадар болгон. Ал эми 21-августка караган түнү Газиантеп шаарында үлпөт той болуп жаткан учурдагы жардыруу 51 кишинин өмүрүн алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG