Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Байден: АКШ НАТО боюнча өнөктөштөрүн коргойт


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын вице-президенти Жо Байден "Вашингтон өзүнүн НАТО боюнча союздаштарын коргойт" деп Балтика мамлекеттеринин бийлигин ишендирди. Бүгүн Ригада сүйлөп жатып ал Эстония, Латвия жана Литваны Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер Доналд Трамптын айткандарына көңүл бурбоого чакырды.

Трамп жакында эгер АКШ президенти болуп калса НАТО өлкөлөрүнө тышкы коркунуч же кол салуу коркунучу жаралса америка өкмөтү өзүнүн өнөктөштүк милдеттеринен баш тартышы ыктымал экенин айткан болчу.

Июль айында Балтика өлкөлөрү жана Польша НАТОнун аскерлерин өз аймагына жайгаштырууга макулдугун берген. (RK)

XS
SM
MD
LG