Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

CNN: Орусиялык хакерлер New York Timesка чабуул коюшту


New York Times басылмасынын офиси.
New York Times басылмасынын офиси.

АКШ атайын кызматтары америкалык маалымат каражаттарына жасалып жаткан киберчабуулдун артында орусиялык хакерлер турат деп шектенүүдө. Бул тууралуу CNN АКШ өкмөтүндөгү булагына таянып билдирди. Акыркы айларда хакерлер New York Timesтын жана башка бир катар маалымат каражаттарында иштеген кабарчылардын электрондук почталарын сындырышкан.

Бирок кабарчылар өздөрү жана атайын кызматтардын өкүлдөрү бул билдирүү боюнча пикир айтуудан баш тартышты. Ошентсе да CNN билдиргендей, маалымат каражаттарын хакерлер көбүрөөк бутага алышат. Анткени, алардын кабарчылары америка өкмөтүндө иштеген кишилер менен байланышта болгондуктан, чет элдик чалгын кызматын кызыктыруучу маалыматтарга ээ деп саналат.

CNN жазганы боюнча The New York Times өзүнө жасалган кибер чабуулду иликтөө үчүн жеке изкубарлардын кызматынан пайдаланууда. Алар АКШ чалгын кызматтары менен бирге хакерлердин колуна кандай маалыматтар тийгенин иликтеп чыгышат.

Буга чейин орус хакерлери Демократиялык партиянын жана президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун электрондук почталарын, серверлерин талкалап, айрым маалыматтарды ачыкка чыгарышкан. Бул иштерди ФБР иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG